• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

14 Жалган куран 2024 14:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек менен Чүйдө жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет!
Катуу шамал учурунда:

  • Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
  • Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
  • Жарнама калкандарынын жанына турбаңыз;
  • Көз айнек кийиниз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.

Количество просмотров: 226