• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда эки унаа кагышып, үч адам көз жумду

23 Аяк оона 2020 9:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда эки унаа кагышып, үч адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 22-сентябрда саат 17:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 280-чакырымында «Тойота Авенсис» жана «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 58 жана 38 жаштагы эки аял жана 44 жаштагы эркек киши каза болгон. Ошондой эле беш адам — эки эркек, бир аял жана эки жаш бала жараат алган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жана 1 өрт өчүрүүчү унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдар Нарын облустук ооруканасына, каза болгондордун сөөгү Нарын райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген

Количество просмотров: 96