• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек—Ош унаа жолунда кар көчкүсүн атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт

29 Жетинин айы 20189:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.11.2018.Govori.TV.
Бүгүнтөн баштап Бишкек—Ош унаа жолунун айрым чакырымдарында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

Гидрометеорология агенттигинин болжолдоосу боюнча, Бишкек—Ош унаа жолундагы 132-137-198-265-чакырымдарда кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Бул иштер 29-ноябрдан 5-декабрга чейин белгиленди.

Бул аралыкта унаа жолдогу каттам мезгил-мезгили менен жабылышы мүмкүн.

Количество просмотров: 56