Бишкек. 15.10.2018. Govori.TV
Бишкек-Ош жолунда айдоочу өзүнүн жүк ташыган Мерседес-Спринтер унаасынын алдында калып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Аталган кырсык 14-октябрь күнү унаа жолдун Ала-Бел ашуусунда болгон. Маалым болгондой, айдоочу жол туман учурунда унаасы бузулуп калган айдоочуга жардам берүү үчүн токтоп, өз унаасынын дөңгөлөгүнө таш коюуга аракет кылып жатканда унаасы жылып кеткен. «жол тайгак болгондуктан унаасы 30 метрдей артка сүрүлүп кеткен. Айдоочу Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Бирок, алган жаракатынан улам каза болуп калды «, -деп жазылат маалыматта.