• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Бишкек санитардык полигон» ишканасынын мурдагы директору кармалды

29 Чын куран 2022 16:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык санитардык полигондун курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишинин тергөөсү жүрүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет

Тергөө жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмышты жасоого шектелип, «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.Б.С. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле борбордун мурдагы мэри И.А.С жана долбоорду ишке ашыруу маселелерин тейлеген мэрдин мурдагы кеңешчиси Г.А.М. жайгашкан жери аныкталбагандыгына байланыштуу, аларга карата сырттан айыбы угузулду.

Бишкек шаардык прокуратурасы аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга багытталган активдүү тергөө аракеттерин улантууда.

Количество просмотров: 209