• Шейшемби 2 Жалган куран 2021

Бишкек шаардык сотуна белгисиз адамдар кирип, эшиктерин сындырышкан

10 февраля 2021 в 12:11 Бишкек Govori.TV

9-февралдан 10-февралга караган түнү Бишкек шаардык сотунун имаратына белгисиз адамдар кирип, эшиктерин сындырышкан.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, учурда тергөө аракеттери жүрүп жатат.

“Бардыгы жайында, жарандык, кылмыш, административдик иштердин жоголгогндугу азырынча байкалган жок , – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө шаардык соттогу айрым иштер уурдалганы тууралуу маалымат тараган.

Количество просмотров: 97