Бишкек.25.12.2018.Govori.TV
Бишкек шаарында жайгашкан батирлердин ичинин биринен 79 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, 24-декабрь күнү саат 11:15де ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Исанов көчөсүндө жайгашкан № 2 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышкан.
Батирдин ичинде 1939-жылы туулган Л.Л.А.аттуу аял кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.