• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкек-Стамбул багытындагы абага көтөрүлгөн учак кайра конду

7 Бирдин айы 2019 16:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.02.2019. Govori.TV

Техникалык мүчүлүштүктөн улам Бишкек-Стамбул багытындагы учак «Манас» эл аралык аэропортунда учпай конууга аргасыз болду.

«Pegasus» компаниясынын PC701 каттамы бүгүн 7-февралда таңкы саат 7:05те учмак. Жүргүнчүлөр учакка отургузулгандан кийин техникалык кемчилик аныкталып, элди кайра түшүрүшкөн. Каттам саат 10:30га жылдырылып, бирок ал да аткарылган жок.

Азыркы тапта учак оңдолуп учууга даярдык көрүүдө.

Аэропорттун басма сөз кызматы рейсти 18:30га жылдырылганын кабарлап жатат.

Количество просмотров: 30