• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Бишкек таштандыга толду». Соцтармакта мэрдин отставкасын талап кылышууда

9 Баш оона 2022 9:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаары таштандыга толуп, тазаланбай жатканы тууралуу маалыматтар бир нече күндөн бери соцтармакта байма-бай чыгып жатат. Социалдык тармактын колдонуучулары өзүлөрү күбө болгон көрүнүштөрдү сүрөткө тартып баракчаларына жайгаштырышууда. Ал эми мэрия маселени чечүү аракети жүрүп жатканын айтып, таштандыга толгон челектерди тазалоо менен алек болуп жаткандыктарын маалымдашууда.

Ал арада Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдон кызматын тапшырып кетүүсүн талап кылып чыгышты. Соцтармак колдонуучулары мындай талабына мэр өз милдетин так аткара албай жатат деп жүйө келтиришүүдө.

Количество просмотров: 927