• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкек ЖЭБ боюнча кылмыш иши сотто каралат

2 Жетинин айы 2018 9:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.11.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 2-ноябрда Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария жана модернизация боюнча кылмыш иштеринин бирин сотто кароо уланат.
Биринчи май райондук сотундагы териштирүү 12-октябрда башталып, акыркы жараян 26-октябрда өткөн.
Бул иш боюнча «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, орун басары Нурлан Садыков, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев, анын орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов баштаган энергетика тармагындагы ишканалардын ошол кездеги жетекчилери айыпталууда.
26-октябрдагы сотто Айбек Калиев менен Нурлан Садыковго айыбы расмий угузулган.
ЖЭБдеги кырдаал боюнча жалпы төрт кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен ташыкары мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, парламент депутаты, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат.
Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ЖЭБди оңдоого жумшалган 386 миллион кытай насыясын пайдаланууда алешемдиктер болгону ачыкка чыккан.
Количество просмотров: 25