Бишкек.10.10.2018.Govori.TV.
Бишкек шаарына бүгүн Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V Съездине Казахстандан, Беларустан, Орусиядан, Армениядан, Туркменистандан жана Таджикистандан 70 ашык делегаттар келди.
Делегациялардын курамында мугалимдер, ар кандай багыттардын билим берүү кызматкерлери.
КМШнын катышуучу-мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V Съезди 2018-жылдын 11-12-октябрында Бишкекте өтөт. Съезддин ачылышы Ала-Арчадагы Мамлекеттик резиденциядсында өтөт, анда соң секциялык отурумдардын катышуучуларын шаардын мектептери жана университеттери кабыл алат.
Съезддин темасы – “Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын контекстиндеги КМШнын катышуучу – мамлекеттердин билим берүү системаларын өнүктүрүү”.