• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапаров: Бишкекке 2 миң автобус сатып алуу үчүн каржы булагы табылды

15 Бирдин айы 2022 16:13 Бишкек Govori.TV

Бишкекке 2 миң автобус сатып алуу үчүн каржы булагы табылды. Бул тууралуу 15-февралда өткөн маалымат жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эгер Кыргызстандагы өндүрүшчүлөр жакшы сапаттагы автобус сунуштаса, өкмөт аны сатып алуу жагын карай турганын айтты.

«Биз 2 миң автобус сатып алуу боюнча Бишкек мэрине тапшырма бердик. Каржы булактарын таптык, миң автобусту Беларустан, миңин Казакстандан алууну пландап жатабыз. Эгер биздин өндүрүүчүлөрдүн автобустары талаптарга жооп берсе, сатып алууга даярбыз», — деди Жапаров.

Бүгүн депутат Дастан Бекешов газ менен жүрө турган 250 автобус сатып алууга Европа реконструкция жана өнүгүү банкы 25 миллион евро насыя берерин «Телеграм» каналында билдирди.

Өткөн жылдын аягында Казакстан Кыргызстанга Yutong үлгүсүндөгү газ менен жүрө турган миң автобус жеткирери кабарланган. Меморандумга 8-декбарда өкмөттүк делегациянын Нур-Султандагы сапары учурунда кол коюлган.

Количество просмотров: 111