• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекке Минсктен 182 кыргыз жараны учуп келди

8 Теке 2020 10:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июлда Бишкекке «Минск-Бишкек» аба каттамы боюнча «Avia Traffic Company» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Кыргыз Республикасынын 182 жараны кайтып келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Количество просмотров: 38