• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте 10 кг метамфетамин менен өзбекстандык жаран кармалды

18 Тогуздун айы 2021 17:01 Бишкек Govori.TV

КР Ички иштер министрлигинин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте эл аралык баңгилик топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операция өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда “БТС” бажы терминалынын аймагында “Иран Ислам Республикасы — Түркмөнстан — Өзбекстан Республикасы — Казакстан — Кыргыз Республикасы” каттамы боюнча жүргөн “DAF” маркасындагы жүк ташуучу автоуунасы тинтүүгө алынган.

Тинтүү жүргүзүү учурунда автоунаанын жүк ташуучу жарымприцепбинде салынган айрым алма таңгактары пенопласттан жасалган (муляж) 147 даана алма табылып алынган, алардын ичинде кристаллга окшогон ак түстөгү, бөтөнчө жыты бар затты камтыган полиэтилен баштыгы болгон. “БТС” бажы терминалынын таразасына көзөмөлдөп салмакка тартууда кристаллга окшогон заттардын жалпы салмагы таңгагы менен кошкондо 10 килограмм 100 граммды түзгөн.

Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу Өзбекстандын К.Б. аттуу жараны кармалган. Бул факт КЖБРге КР Жазык кодексинин 267-беренеси («Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча катталган.

Алдын ала тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган прицеп Иран Ислам Республикасынан чыгып, Түркменистандын бейтарап аймагынан жарым прицеп кошулуп, Өзбекстандын бейтарап аймагына чейин жеткирилип, андан ары аталган айдоочу жарымприцеп рефрижераторду кошуп Кыргызстандын аймагына бет алгандыгы белгилүү болгон.

ИИМдин Криминалистикалык кызматынын алгачкы изилдөөсүнө ылайык, аталган зат «метамфетамин» (первитин) болгон. «Бул заттын “жашыруун базарында” 1 граммынын баасы 4500 сомду түзүп, бул өлчөмдөн 15 доза даярдоого болот. Алынган заттын жалпы салмагы 10 кг 100 граммды түзүп, дозасы – 150 миң болот. Ал баңги каражаттын “жашыруун базардагы” баасы 450 млн сомду түзөт, ал эми КРнын Улуттук банкынын АКШ доллар курсу боюнча 531 миң 286 долларды түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, азыркы учурда ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка катыштыгы бар жактарды аныктоо жана аларды кармоо боюнча мындан аркы атайын-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 532