Бишкекте көп кабаттуу үйдөн боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 16:40та милицияга Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыз өзүн таштоого аракет кылып жатат деген маалымат келип түшкөн.Жерине барган кайгуул кызматкерлери келип, боюн таштоого аракет кылган 2004-жылы туулган Б.Э., аттуу кызды куткарышкан.
Кыз үй-бүлөлүк чырдан улам мындай кадамга баргандыгын айтты. Азыркы учурда андан ары тийиштүү ии-чараларды жүргүзүү үчүн кыз Ленин райондук ИИБне жеткирилген.