• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкекте 2 миң 500 окуучу хор менен Манас айтты

16 Бугу 202311:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында 2 миң 500 окуучу хор менен Манас айтты. Бул тууралуу Бишкек мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, иш-чара «Урааным Манас» кароо-сынагынын алкагында өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — улуттук баалуулуктарды сактоо, патриоттукка тарбиялоо, “Манас” эпосун жайылтуу жана президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу болуп саналат.

Количество просмотров: 149