Бишкектин Манас проспектиси менен Чокморов көчөсүнүн кесилишинде 3 жашар бала канализациянын ачык кудугуна түшүп кеткен. Бул тууралуу инстаграмдагы black_list.kg баракчасына жарыяланган.
«Кечээ биз балдар менен дүкөнгө бардык. Алар газондо басууну суранышкан. Чокморовго жете электе кичүү уулум менин көз алдымда жерге кирип кетип, бакырып кирди. Чуркап барсак, суусу бар ачык люк экен. Күйөм люкка секирип, баланы алып чыкты. Уулум үч жашта, катуу коркуп калыптыр. Бактыга жараша эч нерсе болгон жок. Күүгүм кирип, тротуардан люкту көргөн жокпуз, балам аны чөптүн арасынан байкаган жок. Бишкек шаардык мэриясынан бул кооптуу жайга көңүл буруусун талап кылабыз», — деп жазган ал.