Бишкекте сүннөткө отургузулган 7 жашар бала кансырап каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянуу менен жазды.
Маалыматка караганда, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Бишкектин №3 балдар ооруканасында 2015-жылы туулган бала кан жоготуп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
«Алдын ала маалыматтар боюнча, бала сүннөткө отургузулган. Бирок кан токтобой, шашылыш түрдө №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Кансырган бала чарчап калган»,-деп жазылат маалыматта.
Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.