• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте 8 жаштагы окуучуну сабаган шектүү кармалды

15 Чын куран 2024 9:10 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги мектептердин биринде 8 жаштагы окуучуну сабаган деп 34 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя 12-апрелде болгон, милицияга токмок жеген 8 жаштагы баланын апасы кайрылып, уулуна ата-энелердин бири кол көтөргөнүн айтып арыз жазган.

Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча иш козголуп, 34 жаштагы шектүү кармалган. Учурда ал убактылуу кармоо жайына киргизилгени, тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Буга чейин социалдык тармакта эркек кишинин окуучуну сабаган видеосу тараган. Анда залда тизелеп отурган баланы ары жактан басып келе жаткан киши ичке тээп, коркутуп, полго түрткөнүн көрүүгө болот.

Количество просмотров: 121