• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бишкекте 9 жаштагы бала документи жок мектепке баралбай келет

15 Баш оона 2022 10:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 9 жаштагы бала документи жок мектепке баралбай келет. Бул тууралуу “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

«Апасы аны 3 айлык кезинде агасына таштап кеткен. Бала абдан акылдуу, мектепке баргысы келет. Анын эч кандай документтери жок. Биздин өлкөдө билим ала албай калган мындай балдар көп. Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча адистештирилген социалдык кызматкерлер жок болгондуктан окуудан чыгып калган балдарды аныктоо системасы жакшы иштебейт. «Балдар кодексинин» жаңы редакциясын кабыл алуу зарыл, агасы балага жакшы мамиле жасайт, бирок ден соолугуна байланыштуу окуу куралдары менен камсыз кыла албайт»,— деди ал. 

Турдубекова ошондой эле Бишкек мэриясына кайрылып, баланы мектепке киргизүүгө жардам берүүнү суранды. 

Количество просмотров: 233