• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте атышуу болуп, 38 жаштагы адам жаракат алган. Окуянын чоо-жайы

12 Баш оона 2022 9:17 Бишкек Govori.TV

Бишкекте атышуу болуп, 38 жаштагы адам жаракат алган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди.

Окуя 7-август күнү болгон. “102” кызматына Карманская көчөсүндө белгисиз адам октон жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Кароо жүргүзүүдө белгисиз маркадагы тапанча, бир даана гильза табылган. Алдын ала маалыматка ылайык, 1984-жылы туулган жаран оң санына ок тийип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факты боюнча Биринчи май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин («Бейбаштык”) негизинде кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалган.

Учурда шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 1831