Муниципалдык автобустар менен троллейбустар 1-июлдан тарта жол акысын накталай түрдө алууну токтотот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жол кире банктык жана башка төлөм карталары менен гана алына баштайт.
«Жүргүнчүлөржол кирени “Тулпар” жол акыларды төлөө картасы, NFC виртуалдык картасы, VISA, ЭЛКАРТ жана Тулпар, Balance мобилдик тиркемелери аркылуу төлөй алат»,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Бишкекте коомдук транспортторго жол кирени карта менен төлөө 2020-жылы башталып, “Тулпар” системасы ишке кирген.