• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Бишкекте аялын бычак менен коркутуп, катуу сабаган чет элдик жаран изделүүдө

15 Жалган куран 2022 20:47 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 14-мартында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясына Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсүнүн тургуну 1994-жылы туулган Д.М., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Биринчи май РИИБсынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыз ээси 14-мартта түнкү саат 00.00 чамасында жогоруда көрсөтүлгөн даректен күйөөсү Түркия мамлекетинин жараны Б.Х., төрт саат бою үйүнөн сабап, денесине залакат келтиргендигин билдирген.

Маалымат Биринчи май РИИБне КРнын Кылмыш жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүмү («Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу») менен катталган.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, ар тараптуу тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Шектүү жаран, башкача айтканда, арыздануучунун күйөөсү Түркиянын жараны издөөгө алынды.

Количество просмотров: 438