Бишкекте кыздын үстүнө бак кулады. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон, өспүрүм медициналык жардам алган соң үйүнө жөнөтүлгөн.
«Кыз 3-балдар ооруканасына жеткирилип, аны бак басып калганы айтылган. Тез жардам кызматы жабырлануучунун баш мээси чайкалганын билдирген, бирок диагноз тастыкталган эмес. Кыз жеңил жаракат алган, учурда абалы канааттандырарлык», — деп билдиришти министрликтен.
Эске салсак, буга чейин ӨКМ чукул билдирүү таратып, Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө шатуу шамал болоорун, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетерин кабарлаган.