• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган бир айлык өтүүдө

1 Кулжа 2022 18:18 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган бир айлык өтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, майрамдын урматына медициналык кызматкерлер кичинекей бөбөктөр үчүн флешмоб, сүрөт сынактарын, концерттик программаларды жана лекцияларды уюштуруп, балдарга белектер жана балмуздак таратылды.

Ошондой эле бир айлыктын алкагында турмуштук оор кырдаалда турган балдарга, баш калкалоочу жайларда, интернаттарда жашаган балдарга акысыз тереңдетилген медициналык кароо жүргүзүлүүдө. Муктаж болгон балдар көрсөткүчтөр боюнча ММКнын кошумча программасы боюнча дары-дармек каражаттары менен камсыз болушат.

Количество просмотров: 140