• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте батирден улгайган адамдын жансыз денеси табылды

31 Бештин айы 202013:57 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунда 30-декабрь күнү саат 14:50дө куткаруучулар 5-кичи райондо жайгашкан үйлөрдүн бириндеги батирдин жабылып калган эшигин ачышкан.

«Анда батирдин ичинен 80 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 419