• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат

30 Баш оона 20229:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-августта КР жана КМШ ардагерлеринин футбол боюнча беттешине байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, саат 14:00 дөн тартып, 23:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:

Тоголок Молдо көчөсү түндүктү карай — Чүй проспектисинен тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Фрунзе көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Кайгуул кызматы айдоочулардан жол эрежесин сактап, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат.

Количество просмотров: 103