• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкекте бир жумада 57 мас айдоочу кармалды

6 Бештин айы 2021 9:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын аймагында 26-ноябрдан 2-декабрга чейинки аралыкта 6 миң 876 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Анын ичинен:

— мас абалында автоунаа башкарган 57 айдоочу аныкталган;

— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 22;

— айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу — 40;

— жасалма номер менен автоунаа айдоо — 2;

— жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар 641;

— башка жол эрежелерин бузуулар — 6 114.

Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 362 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Количество просмотров: 169