Бишкекте бир жуманын ичинде 5 550 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды
Бишкекте бир жуманын ичинде 5 550 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды
26 Чын куран 2022 10:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек шаарынын аймагында бир жуманын ичинде 5 миң 550 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен:
мас абалында автоунаа башкаруу — 26;
автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 21;
айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу — 41;
коопсуздук курун тагынбаган — 1 392;
жасалма номер менен автоунаа башкаруу — 2;
жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар — 300;
башка жол эрежелерин бузуулар — 3 770. Башка ар кандай эреже бузган 478 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.