• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүм кыз аман-эсен табылды

15 Жетинин айы 202113:34 Бишкек Govori.TV

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Мырзайым Каниметова аман-эсен табылды. Бул тууралуу Govovri.TVга анын жакындары билдирди.

Туугандары 13 жаштагы кыз бул аралыкта каякта жүргөндүгү тууралуу маалымат берген жок.

«Каниметова 15 мүнөт мурда табылды. Абалы жакшы, баары жайында»,-деп билдиришти жакындары.

Эске салсак, Мырзайым 14-ноябрь күнү түштөн кийин үйдөн чыгып кеткен. Акыркы жолу саат 19:00дө телефон аркылуу байланышып, үйдөн алыс эмес экендигин билдирип, жакын арада келе турганын айткан. Андан кийин байланыш үзүлгөн.

Количество просмотров: 136