• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы бала табылды

7 Теке 2022 10:47 Бишкек Govori.TV

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 12 жаштагы бала табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июль күнү милицияга шаар тургуну И.А. арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 14:00 чамасында 2010-жылы туулган жээни Т.К. Аламүдүн базарынан белгисиз тарапка кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы айтылган.

Бул факты Свердлов РИИБинде каттоого алынып, издөө иштери башталган.

«6-июль күнү жашы жете электер менен иштөө инспекторлору тарабынан Ленин районунун аймагынан табылып, мыйзамдуу өкүлүнө аман-эсен өткөрүп берилген»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 412