• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте эки кабаттуу турак үйдүн бастырмасында өрт чыкты

18 Жалган куран 2024 10:19 Бишкек Govori.TV

17-март күнү Бишкектин Октябрь районунун 11-кичи районунда жайгашкан эки кабаттуу турак үйдүн бастырмасында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМдин маалыматы боюнча, өрттү өчүрүүгө саат 09:35те Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.

Өрт саат 10:43тө толугу менен өчүрүлгөн. Бактыга жараша кырсыктан жабыркагандар жок.

Тилсиз жоонун кесепетинен бастырманын 55 чарчы метр чатыры, ичиндеги муздаткыч, темир станоктор, кир жуучу машина өрттөнгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр ыкчам аракет көрүү менен бастырмадан чыккан өрттүн жалынын эки кабаттуу үйдүн чатырына жана дубалына өткөрбөй сактап калышты.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 80