• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкекте эне-балага кол салган жаран кармалды

8 Бештин айы 2023 17:55 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эне-балага түндө кол салган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 1-декабрда болжол менен саат 22:00дө Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде болгон. Анда 25-30 жаштагы жаран аял менен уруша кетип, ага жана жанындагы уулуна кол салган.

Шектүү жабырлануучулардын денелерине залал келтирип, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Аталган факт боюнча Бишкектин Ленин райондук милициясы «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам-тергөө иш-чарасынын жүрүшүндө кылмышка шектүү делип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда бир нече ирет соттолгон 28 жаштагы Д.А. аттуу жаран Аламүдүн районундагы сарайлардын биринен кармалган.

Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 301