• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте эркек киши милицияга чалып, аялын өлтүргөнүн айткан

20 Үчтүн айы 202516:34 Бишкек Govori.TV

Бишкекте аялды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү 19-январда милицияга чалып, аялы менен 18-январда уруша кетип өлтүрүп алганын айткан.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери баргандан кийин бул факт Кылмыш-жаза
кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча катталган. Милиция кызматкерлери 1974-жылы туулган С.И.ни кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 483