Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат сатып жаткан ирандык жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Иранда өндүрүлгөн ири өлчөмдө баңгизат каражаттардын туруктуу транзит каналын тапканга жана бөгөт коюуга багытталган атайын операциясын ийгиликтүү өткөрүштү.
Аталган баңги топтун баңгизат каражаттарды жеткирүү маршруту Ирандан Афганистанга, андан ары Тажикстан аркылуу Кыргызстанга жеткирилип турган.
Ушул жылы 8-августта Бишкек шаарында сотко чейинки козголгон өндүрүштүн алкагында атайын-тергөө иш-чараларды өткөрүү учурунда БМЖККК кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө «метамфетамин» баңгизаты алынган, тактап айтканда кристалдашталган ак түстөгү 20 брикет:
Белгиленгендей, бул факт боюнча Ирандын Урмия шаарынын тургуну «F.K.D.» кармалган.
Азыркы учурда козголгон сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ушул кылмышка тиешелүү жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары өткөрүлүп жатат.