Бишкек шаарында үй-жайы жок көчөдө калган жарандар үчүн баш калкалоочу жай уюштурулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 12-кичи райондогу Токомбаев көчөсүндө 82 адамга ылайыкталган жай пайда болду. Ал күн сууктап келе жаткандыктан 330 чарчы метр аянтка ачылган. Учурда ал жерде 52 киши жашап жатат.
Баш калкалоочу жайдагылар үчүн төмөнкүдөй шарттар бар:
бир маал ысык тамак (кечинде) берилет;
жуунуу, чачын кырктырууга (душ ачылып, аристон коюлган) болот;
медициналык текшерүү;
ооруканага жаткыруу;
үй-бүлөсүнө кайтаруу;
документтерин калыбына келтирүү;
ишке орноштуруу.