• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте үйдүн чатыры жана очокканасы күйүп кетти

28 Теке 2022 9:17 Бишкек Govori.TV

Бишкекте турак үйдүн чатыры жана очокканасы күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын Октябрь районундагы Бектенов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:01де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.

Тилсиз жоо саат 15:06да чектөөгө алынып, 16:10до өрт толук өчүрүлгөн.

Такталган маалымат боюнча турак үйдүн 300 чарчы метр жыгач устундуу темир менен жабылган чатыры жана ага жанаша жайгашкан очокканасы толугу менен күйүп кеткен. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 321