• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бишкекте күйөөсү тарабынан бычакталган аял тосмо арыз жазды

11 Бештин айы 202110:04 Бишкек Govori.TV

Бишкекте аял күйөөсү тарабынан бычакталды. Маалыматты Ленин РИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-декабрында саат 08:00 чамасында Бишкек ШИИББдин «102» кызматына күйөөсү аялын бычактаганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Анда 2021-жылдын 8-декабрында саат 06:30 чамасында шаардык клиникалык оорукананын имаратында Ж.Э. кызганычтан улам жубайы О.З. аттуу жубайына бир нече жолу бычак сайганы аныкталган. Жабырлануучу Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө жайгашкан №1 шаардык клиникалык ооруканасына оор абалда жаткырылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, бардык экспертизалар дайындалган.

«1982-жылы туулган Ж.Э. кошумча иликтөө жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген. 2021-жылдын 10-декабрында сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жабырлануучу О.З. күйөөсү Ж.Э.ге карата эч кандай дооматы жок экенин билдирип, тосмо арыз жазды»,-деп айтылат маалыматта.

Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 488