• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бишкекте көп кабаттуу үй урап түшүп, бир киши жабыркады

27 Жалган куран 202210:30 Бишкек Govori.TV

Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын дубалы кулап, жанындагы турак үйдү басып калды. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 27-мартка караган түнү катталган. Анда жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн кыштары (кирпич) коңшу үйдүн чатырына түшкөн. Жерине Бишкек 5 куткаруучу тартылган.

«Анын кесепетинен батирдин шыбы урап, 1958-жылы туулган П.Г. аттуу аялды басып калган. Жабырлануучуга «Тез жардам» кызматы тарабынан жардам көрсөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1639