• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте кайсы көчөлөр жана тротуарлар оңдолду?

11 Тогуздун айы 2022 15:21 Бишкек Govori.TV

Борбор калаада көчөлөрдү жана парктарды көпктөндүрүү уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол инфраструктурасын оңдоо, жол сызыктарын чийүү жана борбор калаанын көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иш алып барууда.

«Ишкана тарабынан Дзержинский көчөсү узундугу 609 метр, туурасы 6 метр Ак-Тилек көчөсүнөн Жерге-Тал көчөсүнө чейин асфальттоо иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө Дзержинский көчөсүн Ак-Тилек көчөсүнөн Фере көчөсүнө чейин асфальт төшөө үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Манас проспектиси боюнча тротуарды асфальттоо иштери Л.Толстой көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин аяктады»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, ишкананын адистери тарабынан “Балалык” сейил багына кирүүчү жолдун курулушу, анын ичинде тротуарды асфальттоо жана тротуарга термопластик менен жол чийиндерин чийүү иштери жүргүзүлгөнү кошумчаланды.

Количество просмотров: 186