• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте катуу шамалдан улам спорт аянтчасы кулап калды (сүрөт)

29 Жалган куран 2022 16:19 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май районундагы Месароша менен Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан спорт аянтчасы катуу шамалдын кесепетинен улам кулап калды. Бул тууралуу Govori.TVга күбөлөр кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал спорт аятчасынын курулганына бир айдан ашык гана убакыт болгон, жана ал жерде балдар баскетбол ойношчу.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору Чүй менен Бишкекте катуу шамал болушу күтүлө турганын маалымдаган. Кабарлангандай Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында 1 сааттын ичинде жана күндүн экинчи жарымында катуу шамал болушу мүмкүн.Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Количество просмотров: 314