• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте коменданттык саат учурунда терминал уурдалды 

9 Чын куран 2020 21:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында белгисиз адамдар акча салынган терминалды уурдап кетишти. Бул тууралуу жабырлануучу Бахрам Турдахунов жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.

Шаардык комендатуранын маалыматына ылайык, кылмыш 5-апрелден 6-апрелге караган түнү коменданттык саат учурунда болгон.  Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө 6-апрелде
Т. Б. аттуу жаран кайрылып, борбордогу Абдрахманов көчөсүнө коюлган терминалын белгисиз адамдар уурдап кеткени тууралуу  арыз жазган. Арыз ээси терминалдын ичинде 61 миң 500 сом болгонун айткан.

«Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «уурулук» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Зарыл болгон экспертизалар дайындалды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда кылмышка шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныктоо жана аларды кармоо иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 225