• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте «Кыргызстандагы медиа: келечекке карай кадамдар» форуму өтүп жатат

23 Жалган куран 2022 14:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-мартта “Медиа Диалог” долбоору тарабынан уюштурулган “Кыргызстандагы медиа: келечекке карай кадамдар” аттуу медиа-форуму өтүп жатат.

Талкууга өлкөдөгү алдыңкы ЖМК, өкмөт жана эл аралык уюмдар өкүлдөрү катышып, медиа тармагындагы азыркы кырдаалдын көйгөйлөрү, жаңы чакырыктар жана өлкөдөгү медианы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелер көтөрүлүүдө.

Мындан тышкары, Демократия үчүн Европалык өнөктөштүк, Медиа полиси институту, Демократия үчүн Вестминстер Фонду, ARTICLE19 жана ALDA — Жергиликтүү демократия боюнча Европа Ассоциациясын — беш уюмду камтыган Медиа Диалог консорциумунун эки жылдык ишинин жыйынтыгы тартууланат.

Иш-чаранын катышуучулары бүгүнкү талкуунун жүрүшүндө “Кыргызстандын журналистинин этика кодексинин” жаңы редакциясына кол коюшат.

Количество просмотров: 115