• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

19 Жалган куран 2024 11:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын аймагында милиция кызматкерлери тарабынан мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын февраль айынан тартып Россия Федерациясынын укук коргоо органдары Ф,Т. атуу жаранды Кылмыш-жаза Кодексинин 322 –беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү) боюнча издөө жарыялаган.

Бишкек шаарынын аймагынан өңүнөн таануу системасы менен коомдук жайларда орнотулган сырткы видео байкоо камералары анын издөөдө экенин аныктаган. 18-март 2024-жылы милиция кызматкерлери Ф.Т. аттуу жаранды кармап, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 1158