• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте массаж салонуна жамынган сойкукана табылды

13 Бугу 202414:48 Бишкек Govori.TV

Бишкекте массаж салонуна жамынган сойкукана табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 11-майда массаж салонуна жамынып, интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкукана уюштурган КР жараны Д.А.Д. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

«Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган укалоочу жайда 8 кыз интимдик кызмат көрсөтүп жүргөндүгү аныкталды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу дагы башка фактылар аныкталууда»,-деп жазылат маалыматта.

КР УКМК интимдик жайларды уюштургандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги, ошондой эле сойкулукка тартуу жана аны менен алектенүү үчүн административдик жоопкерчилик каралганын эскертет.

Количество просмотров: 115