• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте мектептердин бирине бомба коюлгандыгы кабарланды

3 Аяк оона 202412:14 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 3-сентябрда саат 10:45де борбордогу Москва көчөсүндө жайгашкан мектептердин бирине жардыруучу зат коюлду деген маалымат келип түшкөн. Мектепке Ленин РИИБнин ыкчам тергөө тобу барган. Бул тууралуу Ленин РИИБнин маалымат кызматы билдирди.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган.

Учурда тиешелүү издөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 86