Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV.
Бүгүн, 21-январга караган түнү Бишкектеги Анкара көчөсүндө болгон жол кырсыктан аял киши каза болду. ӨКМдин маалыматы боюнча, «Мерседес-Бенц» менен «Тойота» кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен «Тойотанын» 1985-жылы туулган айдоочусу (аял киши) көз жумду. Ал эми «Мерседестин» айдоочусу — 1993-жылы туулган М.Э. менен 1993-жылы туулган жүргүнчүсү Р.у Э. ооруканага жеткирилген. Куткаруучулар каза болгон аялдын денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын маалыматы боюнча, «Мерседес» унаасын милиция кызматкери башкарып бара жаткан. Учурда териштирүү, тактоо иштери жүрүп жатат.
Күбөлөр «Репортерго» билдирген маалымат боюнча, көз жумган аял кош бойлуу болчу.