• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте милиционерлер терминал уурдагандардын изине түштү

10 Чын куран 2020 12:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-апрелде борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев Бишкектеги коменданттык саат тууралуу маалымат берди. Анда ал Бишкек милициясы коменданттык саат учурунда акча салынуучу терминалды уурдап кеткендердин изине түшкөнүн айтты.

Анын билдиришинче, окуя 6-апрелде болгонун айтып Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына терминалдын ээси кайрылган. Ал терминалдын баасы 1,5 миң доллар, ичинде 61 миң 500 сом бар экенин айткан.

Орозалиев “Биз аларды “Коопсуз шаардын” жана шаардык милициянын командалык борборунун камераларына тартылып калган видео боюнча аныктадык. Жакында кененирээк маалымат берилет” деди.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган. Кечки 8ден таңкы 7ге чейин көчөгө чыккан болбойт.

Количество просмотров: 225