• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте орус тилинде сүйлөгөн тейлөөчү кызды чапкан жаран кармалды

13 Баш оона 2021 15:00 Бишкек Govori.TV

Бишкекте орус тилинде сүйлөгөн тейлөөчү кызды калкульятор менен чапкан А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

2-августта Бишкектеги паркта баласын аянтчага ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Окуянын видеосунда эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, столдо жаткан калькулятор менен уруп жибергенин көрүүгө болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) шектүү адамга Кыргызстанда Конституция боюнча орус тили кыргыз тили сыяктуу эле мыйзамдуу макамга ээ экени тууралуу расмий эскертүү берген.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылып, Бишкекте кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн зомбулукка кабылган кыздын окуясын көзөмөлгө алууну өтүнө турган болгон.

Ал эми ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский 10-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын уюштурган.

Количество просмотров: 342