Бишкекте милиция кызматкери бир кишиге ок чыгарды. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн кечке маал Жибек Жолу менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Айрым маалыматтарга ылайык, ал жаран алган жаракатынан улам көз жумган.
Ал эми Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.